Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарында өткөрүлүп жаткан “Эне тил жана Айтматов” үч айлыгы
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын планына ылайык 2018-жылдын 19-ноябрында №9 окуу-тарбия мектеп-гимназиясынын базасында “Тил жана Айтматов” үч айлыгынын алкагында “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы жаратылышты сүйүү жана мекен темасы” аттуу окуучулардын илимий-изилдөө долбоору кароо-сынагы өткөрүлдү.
Кароо-сынакка 8-11-класстын окуучулары катышышты. Кароо-сынактын калыстар тобуна Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы А.Ишеналиева, Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Э.Ниязбекова, “Таалим-креатив” менчик мектебинин диреторунун орун басары Ж.Сарыгулова жана Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Ж.Сапаловалар мүчө болушту. Кароо-сынакта төмөндөгү билим берүү уюмдары ийгиликтүү орундарга жетишти:
1-орун №13МГ
2-орун №69 ОТК МГ
3-орун №84 ОМ
4-орун №67 ОТК МГ
Жеңүүчүлөр Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын Ардак грамотасы, баалуу жана кызыктыруучу белектер менен 2018-жылдын 5-декабрында “Тил жана Айтматов” үч айлыгынын жыйынтыгы менен Кыргыз-Түрк Манас университетининде сыйланат.
Комментарии