Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарында өткөрүлүп жаткан “Эне тил жана Айтматов” үч айлыгы

20.11.2018 0 202

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын планына ылайык 2018-жылдын 19-ноябрында  №9 окуу-тарбия мектеп-гимназиясынын  базасында “Тил жана Айтматов” үч айлыгынын алкагында “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы жаратылышты сүйүү жана мекен темасы” аттуу окуучулардын илимий-изилдөө долбоору кароо-сынагы өткөрүлдү.

Кароо-сынакка 8-11-класстын окуучулары катышышты. Кароо-сынактын калыстар тобуна  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы А.Ишеналиева, Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Э.Ниязбекова, “Таалим-креатив” менчик мектебинин диреторунун орун басары Ж.Сарыгулова жана Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Ж.Сапаловалар мүчө болушту. Кароо-сынакта төмөндөгү билим берүү уюмдары ийгиликтүү орундарга жетишти:

1-орун №13МГ

2-орун №69 ОТК МГ

3-орун №84 ОМ

4-орун №67 ОТК МГ

 

Жеңүүчүлөр Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын Ардак грамотасы, баалуу жана кызыктыруучу белектер менен 2018-жылдын 5-декабрында “Тил жана Айтматов” үч айлыгынын жыйынтыгы менен Кыргыз-Түрк Манас университетининде сыйланат.

Комментарии

Комментариев не найдено.
Новый комментарий