Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарында өткөрүлүп жаткан “Эне тил жана Айтматов” үч айлыгы боюнча маалымат

30.11.2018 0 171

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын планына ылайык 2018-жылдын 12-сентябрынан 12-декабрына чейин “Тил жана Айтматов” үч айлыгы жарыяланган. Үч айлыктын алкагында “Мыкты Айтматов кабинети” аттуу  шаардык кароо-сынак 2018-жылдын 21-ноябрынан 23-ноябрына чейин  өткөрүлдү.

Кароо-сынакка жалпы билим берүү уюмдары катышышты. Кароо-сынактын калыстар тобуна Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын бөлүм башчысы А.Ишеналиева, Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Э.Ниязбекова, Билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү мүчө болушту. Кароо-сынакта төмөндөгү билим берүү уюмдары ийгиликтүү орундарга жетишти:

Баш байге №70 ОТК МГ

1-орун №9, 66 ОТК МГ

2-орун №88 ОМ

3-орун №42 ОМ, 61 АФММЛ,

Кызыктыруучу сыйлыкка №60, 94 ОМ

 

 

Жеңүүчүлөр Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын Ардак грамотасы, баалуу жана кызыктыруучу белектер менен 2018-жылдын 5-декабрында “Тил жана Айтматов” үч айлыгынын жыйынтыгы менен Кыргыз-Түрк Манас университетининде сыйланат.

Комментарии

Комментариев не найдено.
Новый комментарий