Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган “Тил жана айтматов” үч айлыгын жыйынтыктоочу салтанаттуу иш чара

06.12.2018 0 266

2018-жылдын 5-декабрында Кыргыз-Түрк Манас университетинде Бишкек шаарынын мэриясыныны Билим берүү башкармалыгы Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын 29 жылдыгын, залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата жарыялаган “Тил жана Айтматов” үч айлыгын жыйынтыктоочу “Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз” атуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин жетекчиси Абиров Ж.Б., Бишкек шаарынын вице-мэри Куламбаева А.М., Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.И.Ишекеев, Академик, Айтматов таануучу А.Акматалиев, Бишкек шаарынын мэриясынын райондук билим берүү борборлорунун директорлору,  мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору, жеңүүчүлөр   чакырылган.

Максаты: Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын 29 жылдыгын, залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө, эң мыкты иш-чаралардын жыйынтыгын чыгаруу менен  мамлекеттик тилдин конституциялык даражасын бекемдөө, рухий дөөлөттөрдү, маданий-тарыхый мурастарды, залкар жазуучу, улут сыймыгы Ч.Айтматовдун  чыгармаларын кеңири даңазалоо;

Кароо-сынактарынын жеңүүчүлөрү Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгын Ардак грамота жана баалуу белектери менен сыйланды.

  1. “Көркөм окуу” Ч.Айтматов жана тилге байланышкан мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдары үчүн көркөм окуунун кароо-сынагы;
  2. “Кыргыз ыры-жүрөк сыры” аттуу Ч.Айтматовдун чыгармаларына жазылган ырлардын кароо-сынагы;
  3. “Жаш артист” Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдүн кароо-сынагы;
  4. “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы жаратылыш жана мекен темасы” окуусулардын илимий-изилдөө долбоорунун кароо-сынагы;
  5. “Мыкты Айтматов кабинети”кароо-сынактарынын жеңүүчүлөрүн куттуктоо

Комментарии

Комментариев не найдено.
Новый комментарий