Залкардын залкар жазуучусу Ч.Айтматов

17.11.2018 0 234

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын
кабыл алынгандыгынын 29 жылдыгына жана залкар жазуучубуз
Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Тил жана Айтматов” үч айлыгынын
планынын негизинде 2018-ж. 16 ноябрында № 38 окуу тарбия комплексинин
мектеп-гимназиясында “Залкардын залкар жазуучусу Ч.Айтматов” аттуу
иш чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты:
1. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын,
“Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди
өнүктүрүүнүн жана тил маясатын өркүндөтүүнүн Улуттук
программасын” ишке ашыруу, мамлекеттик тилдин статусун көтөрүү;
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил
боюнча улуттук комиссиянын жаряылаган “Эне тил жана Айтматов” үч
айлыгынын жобосун ишке ашыруу;
3. Айтматов ааламын ар тараптан ачып берүү, анын чыгармаларын
жайылтуу;
4. Залкар жазуучунун өрнөктүү жолун жаштарга үлгү кылуу;
5. Улуттук баалуулуктарды, рухий дөөлөттөрдү жана маданий-тарыхый
мурастарды даңазалоо.
Бул иш-чарага Роза Төрөкуловна Айтматова, Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кенешинин депутаты Турусбеков Бактыбек Сагындыкович, Бишкек
шаарынын вице-мэри Куламбаева Асель Мундузбаевна, Кыргыз
Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук
комиссиянын билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Ишеналиева Аида
Огобековна, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим
министирлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы
Ибраимова Гульнара Үмөтбековна, Бишкек шаарынын мэриясынын
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ниязбекова Эльвира
Керимовна, Свердлов районунун акими Болотбеков Салмоорбек Болотбекович,
Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын адистери,
Свердлов районунун билим берүү борборунун директору Абдылдаева Анара
Ильясовна жана мугалимдер жана тарбиячылар катышышты.

Комментарии

Комментариев не найдено.
Новый комментарий